Бишкек — Ош жолу ачылды

Жазылуу
Трассаны майда көчкүлөрдөн тазалашты

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу ачылды, бирок учурда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө бар. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Расчистка снежных завалов и принудительный спуск лавин на Транскавказской автомагистрали - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош трассасына түшкөн кар көчкү бир унааны жолдон сүрүп салды
Катаал аба ырайынан улам өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган трасса убактылуу жабылып, бирок кечээ, 27-декабрда, кайра ачылган.

Бишкек – Ош (162- жана 172-чакырымы) жолуна майда көчкү түшүп, өтө албай калган автоунаалар кайрадан жолго чыкты.

ӨКМдин маалымат кызматынан учурда каттам үзгүлтүксүз болуп жатканын кабарлады.

Министрлик 31-декабрга чейин кооптуулук жараткан жерлерде карды атайын атып түшүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0