Бишкекте 13 жаштагы кыз көз жарды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне-баланын ден соолугу жакшы

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облустук төрөт үйүндө 13 жаштагы кыз операция жолу менен көз жарганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Шайыргүл Музыбердиева билдирди.

Окуучу кыз төрөтканага 22-декабрда түшүп, эртеси операция жасалган. Ушу тапта эне менен ымыркай кыздын ден соолугу жакшы экени айтылды.

Дарыгердин айтымында, өспүрүм наристесинен баш тартпай турганын билдирген. Баланын атасы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0