Эгиздерге карата болбой турган тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов түшүндүрүп берди.
Бешиктери бир жерге катар коюлбайт. Үйгө конок-кара келип калган убакта эгиздердин бешиги бир катарга коюлбайт. Мындай учурда да балдарга көз тийип калышы мүмкүн деп божомолдонуп жүрөт.
Түрдүү кийим кийгизбейт. Эгиз балдарды кичине кезинде сөзсүз окшош кийинтүү керек. Мындай ырымды ата-бабалар "кырсык келсе ажырата албай калсын" деген максатта колдонушкан.
Эгиздерге ар кандай ат коюлбайт. Түгөйү менен төрөлгөн балдардын аттары Асан-Үсөн, Апал-Үпөл сыяктуу уйкаш болушу зарыл.
Эгиздерди ажыратпайт, бөлбөйт. Эгиздерди кичине кезинде узак убакытка чейин бири-биринен ажыратып, бөлбөйт. Мындай учурда алар түгөйлөрүн сагынып, куса болуп оорушу мүмкүн. Кыздар бой жетип турмуш курганда, балдар эр жетип үйлөнгөндө гана эки башка жолго түшсө болот.