ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолу убактылуу жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле кооптуу аймактарда кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жааган кардан улам Бишкек — Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Пункт пропуска Нехотеевка на российско-украинской границе в Белгородской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасы жабылат
Ага ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунда туруксуз аба ырайынан улам жол тыгындар пайда болгон. Кырдаалдын мындан ары оорлоп, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал, Кара-Көл шаарындагы посттордо, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилип, Бишкек — Ош унаа жолу убактылуу жабылды.

Кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Бишкек — Ош автоунаа жолунун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 27-декабрдан 31-декабрга чейин кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0