БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун 58 жаштагы бир тууган агасы көз жумду. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.
"Депутаттын бир тууганы Рахат Насырканов бүгүн эртең менен инфаркт илдетинен каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Маркумдун сөөгү 29-декабрь күнү кичи мекени Жумгал районунун Кызарт айылында жерге берилет.