БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Улуттук госпиталдын урология борборунун Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты модернизациялана турганын Мамлекеттик архитектура агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган имаратты Медициналык академиянын окуу-дарылоо борборуна айландыруу пландалып жатат.
"Өкмөттүн Архитектура агенттигине берген тапшырмасына ылайык, чукул арада имаратты жана ага тиешелүү объектилерди реконструкциялоо жолдору сунушталышы керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Урология борбору Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы имаратка 2014-жылы көчүп кирген.