Өлкөдө жыл башынан бери эмне кымбаттаганы айтылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде
Сельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан тарта бир топ товардын баасы өскөн. Анын ичинде азык-түлүк да бар

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жыл башынан бери картошка, көмүр жана алманын баасы баарынан көбүрөөк жогорулаганы Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Азык-түлүк менен суусундуктын наркы жалпы жонунан 1,2 пайызга өскөн. Картошканын баасы 23,5 пайызга, алмага болгон баа 15,4 пайызга, эт 7,7 пайызга, печенье 6,9 пайызга жана балдын наркы 4,8 пайызга жогорулаган.

Обувная фабрика в сирийской провинции Хама - Sputnik Кыргызстан
КРде бут кийим чыгаруу азайганы менен куртка, пальтолор көбүрөөк тигиле баштады
Ал эми шекер (9,4 пайыз), кургатылган мөмө-жемиш менен жаңгактар (6,2 пайыз), тоок жумурткасы (5,9 пайыз) арзандаган. Андан сырткары, туз, күрүч, өсүмдүк майы жана сүттүн баасы түшкөн. Булар дээрлик 4-5 пайызга арзандап кеткен.

Жыл башынан бери көмүргө (18,2 пайыз), китеп (13,3) жана саатка (13,2) болгон баа жогорулаган. Андан кийинки орунда 9,4 пайыз менен оюнчуктар турат, 6,7 пайызга цементтин, 6,1 пайызга күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттаган. Ал эми керамика плитасы, килемдер, тиричилик буюмдары менен отун 2,7 — 7,1 пайызга арзандаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0