КРде жүргүнчү ташыган автобустарды спутник аркылуу көзөмөлдөө сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобусы, работающие на газе в Бишкеке
Автобусы, работающие на газе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт министрлиги билдиргендей, жолдо жүргөн автобустарды мындай ыкма менен көзөмөлдөө пайдалуу гана болот

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жүргүнчү ташыган автобустардын ээлерине видеобайкагыч коюп, машинанын кайда экенин көрсөтө турчу жабдуу орнотууну милдеттендирүү сунушталууда.

Транспорт жана жолдор министрлиги токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарып, ал өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жайга чукул Бишкекте маршруттардын ордуна 350 автобус жүрө баштайт
Мындай сунуш КРдин коопсуздук кеңешинин 31-июлундагы жыйынында айтылган.

Долбоордо белгиленген эрежелер жүргүнчүлөрдү шаарда, шаарлар аралык жана эл аралык багыттар боюнча ташыган жеке жана юридикалык тараптардын бардыгына тиешелүү.

Учурда өлкө аймагындагы автобустардын бир жерден чыгып жана экинчи жерге жеткен убактысы гана каттоого алынып, көзөмөлдөнөт.

Видеобайкагыч жана машинанын кайда экенин көрсөтө турчу спутникалык жабдык менен автобустун кайсы жерде, канча ылдамдык менен баратканын билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0