БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ошто мугалимдерге бирилген эки миллион сомго чукул сый акыны кайра тартып алышты. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кайра текшерип чыкканда 27 мектептин мугалимдерине 1 миллион 869 миң сом сый акы ашыкча төлөнүп калганы аныкталган. Бул райондук билим берүү бөлүмүнүн борбордук бухгалтериясынын жооптуу кызматкерлеринин жаңылуусунан улам болгон.
Мындан улам кайра башынан саналып, төлөмдөрдүн өлчөмү кийинки кварталга орто эсеп менен 50дөн 1200 сомго чейин кыскарган.
Маалыматта аталган фактыны бухгалтерия жетекчилиги текшере турганы айтылды.