Мамкаттоонун кызматкерлери документ жасалмалаган деп айыпталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма документтерден улам мамлекетке 1,5 миллион сом зыян келтирилген

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери аткезчилик жана жүк ташуучу унаалардын документин жасалмалоо боюнча айыпталып жатканын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Работа ЦОН в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эшек такалап отурам! Калкты тейлөө борборунда иштеген адистин жанын кашайткан 5 учур
Маалыматка ылайык, Бишкек боюнча унаа каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти 2005-жылы чыккан Volvo FH үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Талас облусунун тургунуна алгачкы каттоодон өткөргөнү аныкталган. Андан кийин мамлекеттик номер берилип, унаанын каттоого алынганы боюнча күбөлүк берилген.

Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен аталган күбөлүк жасалма болуп чыккан. Маалыматта анын даярдалышы мыйзамдуу күбөлүктүн ыкмаларына дал келбей турганы айтылат. Мындан улам, мамлекеттик бюджетке 1 миллион 552 миң 436 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204 (аткезчилик), 350 (мамлекеттик наам, мөөр, бланк жана документтерди жасалмалоо, сатуу, пайдалануу) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0