Бишкек — Ош автоунаа жолуна чектөө киргизилди

Жазылуу
Учурда жолдун аталган аймактарын кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 125 жана 127-чакырымндарында кар жаап, туман түшкөндүктөн кечээ саат 20.45тер чамасында "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда түндө жер титиреди
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, аба ырайынан улам унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган. Чектөө жол тыгынынын алдын алуу максатында коюлду.

Ушу тапта №9 жол тейлөө ишканасынан үч грейдер, беш самосвал, эки жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, жолдун аталган аймактарын кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0