Багы ачылбаган Ботаникалык бакты өкмөткө өткөрүү сунушу айтылды

Жазылуу
Аталган жай учурда Улуттук илимдер академиясынын карамагында

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкектеги Ботаникалык бакты өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү керек деген пикирин эколог Эмил Шүкүров билдирди.

Бул оюн ал премьер-министр Сапар Исаков Ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү маселеси боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмесинде айтты.

"Биздин бак аймагы жана өсүмдүктөрдүн түрү боюнча Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бактардын бири. Атургай ал Борбор Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү тоо өсүмдүктөрүн ыңгайлаштыруу боюнча алдыңкы бактардын бирине айланышы ыктымал. Бактын аймагы сакталган, эми биз мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышыбыз керек", — деди эколог.

Мындан тышкары, Эмил Шүкүров Ботаникалык бак өкмөттүн карамагына өтсө, ал экономикалык жана илимий пландан утушка ээ болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган жай учурда Улуттук илимдер академисянын карамагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0