Ошто ата-энелерге терс диний агымдар туурасында маалымат берилди

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан адам. Архив
Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууга шаардык билим берүү бөлүмү менен милиция кызматкерлери да катышты

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош шаарынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушов ШИИБ кызматкерлери, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы Бабур атындагы №46 мектептин окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуп, терс диний агымдар туурасында маалымат берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Ата-энелер менен болгон жолугушууда шаар хатиби экстремизм, терроризм менен күрөшүү ар бир адамдын милдети экендигин айтып, балдарга билим, тарбия жана даанышмандуулукту үйрөтүүнү сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Автомат көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки аялын, беш баласын алып Сирияга кеткен жарандын энеси: 8 баламан ажырадым...
Ал эми ШИИБдин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү окуучулардын жүрүм-туруму, тарбиясы, билим алуусу ата-энелер тарабынан көзөмөлдөнсө балдардын жоопкерчилиги күчөй турганын билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага мектептеги окуучулардын ата-энелери толугу менен катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0