Араб эмирлигинин Шарджа шаарына Кыргызстандан түз аба каттам ачуу пландалууда

© AFP / KARIM SAHIBГород Шарджи в ОАЭ
Город Шарджи в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Air Arabia авиакомпаниясы менен кызматташуу жолго коюлуп жатат

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 2018-жылдан тарта "Шарджа — Ош" жана "Шарджа — Бишкек" багыты боюнча аба каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 24-декабрда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбеков Air Arabia авиакомпаниясынын аткаруучу директору Адель Абудалла Али менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана 2018-жылдан тарта "Шарджа — Ош" жана "Шарджа — Бишкек" багыты боюнча аба каттамдарын ачуу боюнча пикир алышкан.

Ошские небесные ворота — реконструкция во имя безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз учагын ремонтко койгон мамлекеттик авиакомпания. Калган аба кемелери кайда?
Башкы консул Air Arabia авиакомпаниясынын жетекчилигинин көңүлүн "Таза коом" санарип долбоорунун алкагында E-Visa электрондук системасы тууралуу маалымдар кылды.

Бул долбоордун алкагында чет элдик жарандар Кыргызстанга визаны оңой ала алышат. Ошондой эле 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу экени кошумчаланган.

Эске салсак, Air Arabia авиакомпаниясы Бириккен Араб эмирлигинин Шарджа эмиратында жайгашкан. Алар Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Азия, Европа, КМШ мамлекеттерине жалпысынан 130 багыт боюнча учат. Аталган авиакомпаниянын Air Arabia Egypt жана Air Arabia Maroc деген туунду компаниялары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0