Кыргызстанда орус тилдүү имамдар билимин жогорулатып жатат

© REUTERS / Danish IsmailСвященный месяц Рамазан в Сринагаре
Священный месяц Рамазан в Сринагаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-декабрда башталган семинар сегиз күнгө созулмакчы

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Башкыртстандын дин өкүлдөрү менен биргеликте имамдарды окутуу семинарын баштаганын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөдөгү орус тилдүү имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга арналган. Окууга Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдары катышууда.

"Семинарда мазхаб, акыйда, фыкх маселелери боюнча сабактар өтүлүп жатат. Эки өлкөнүнүн дин кызматкерлеринин ортосундагы мамилени бекемдеп, салттуу динди жайылтууда, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө тажрыйба алмашууну көздөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 23-декабрда башталган семинар сегиз күнгө созулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0