Эшек такалап отурам! Калкты тейлөө борборунда иштеген адистин жанын кашайткан 5 учур

© Фото / сайт ГРС КРРабота ЦОН в Бишкеке
Работа ЦОН в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби сайын Sputnik Кыргызстан ар кыл кесиптин ээлери тушуккан кыйынчылыктарды тизмектейт. Бу жолкусунда калкты тейлөө кызматында иштеген адистерге жакпаган нерселер тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Ушул жыл менен электрондук биометрикалык паспорт даярдоо соңуна чыгат. Мындан улам акыркы убакта Калкты тейлөө борборлорунда жаңы паспорт алчумун дегендердин кыжылдаган кезеги да көбөйдү.

Sputnik Кыргызстан Каттоо кызматынын адиси менен сүйлөшүп, келген элдин кандай кылык-жоругу жин келтирерин укту.

Кайда жүрдүң, карайлап?..

Кыргызстанда май айынан баштап биометрикалык паспорттор бериле баштады. Бирок аны акысыз 31-декабрга чейин гана алууга мүмкүн болчу. Анан, албетте, жыл аяктап калганда, документти бекер берер мөөнөт соңуна чыкканда кычап, карайлап калабыз да. Сегиз айдан бери кайда жүрдүңөр?..

Бүтпөс суроолор

— Дагы көпкө чейин күтөмбү?

— Менин маалыматымды эч ким көрбөйбү?

— Апей, кебетем эмне болуп калган, ушинтип да сүрөткө тартабы?

Ушул суроолорду күнүгө уга берип тажадым.

Иш график

Эми калкты тейлөө борборлору жаңы графикке өтүп, саат 8.00дөн 18.00гө чейин иштеп калды. Анысы аз келгенсип, түшкү тыныгуу жарым саатка кыскарды. Ошентип жумуш күнүбүз 1,5 саатка узарып калды.

Мындан тышкары, эми ишемби күнү да саат 10.00дөн 14.00гө чейин иштемей болдук. Эмне үчүн дебейсизби? Көрсө биздин жарандар бекер паспортту дал ушул декабрь айында алууну ойлонушуптур да.

Аягы көрүнбөгөн кезек

Калкты тейлөө борборлорундагы кезекти Жердеги кичинекей тозок деп койсок болот. Адамдар документ алганы эмес эле жашоо үчүн укук алчудай болуп келишет. Андан да оройлонуп, уруша кетсе тез алчудай сезет. Сабырдуураак болуңуздар, биз деле бирөөнүн баласыбыз, эшек такалап отурган жокпуз…

Кинелер

— Кандайча тамак ичкени кетишти, биз баарын бүтүрүп келбедикпи…

— Каяктагы ажаткана?! Биз эмне турабыз анан…

— Кандай жумуш күнү бүттү? Эми карап койбойсуңарбы, жанатан бери турабыз го…

Ушундайча ойлонгон замандаштар, бизди да түшүнүп койгула. Ансыз да жумушубуз көп, кененирээк ажатканага да бара албайбыз. Ушунча да чыдамы жок болосуңарбы? Биздин деле үйдө күтөөрүбүз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0