"Камасутрабы?" Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионаттын логотиби сынга кабылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГорода мира. Фоуи
Города мира. Фоуи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бири-бирине кыналыша отурган эки кишинин элеси социалдык тармактын колдонуучуларын эки жаатка бөлдү

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2018-жылы ноябрда Лондондо өтө турчу шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионаттын логотиби интернет колдонуучулардын сынына кабылганын Quartzy басылмасы жазып чыкты.

Логотипти 19-декабрда шахмат боюнча эл аралык федерация 19-декабрда коомчулукка тартуулаган. Москвадагы "Щука" дизайн-бюросу тарабынан иштелип чыккан эмблемада бири бирине кыналыша отурган эки кишинин сөлөкөтү түшүрлгөн.

​Социалдык тармактын колдонуучулары менен шахматчылар логотипте "Камасутранын" элементтери жашырылганын жазып чыгышты.

​Дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону Сьюзен Полгар мындай эмблема балдардын кабыл алуусуна туура келбей турганын жазган.

"Дүйнөдө шахмат ойногондордун 50 пайызынан көбү балдар. Дал ушундай эмблема мектептерге ийгилик алып келет деп ойлойсуңарбы?" — деп Twitter баракчасына жазган.

Chess.com порталынын негиздөөчүлөрү эмблемадагы элести чыныгы турмушта жасап көрүүгө болобу деп кызыгып көрүшкөн.

​Андан сырткары, логотипте 8х8 эмес, 6х6 болгон шахмат тактайчасы тартылганын белгилешкен.

​Геноцид Эклеров аттуу колдонуучу өз оюн тамаша иретинде билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0