01:24 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов шаар мэрине 102 линиясы боюнча иштей турган Ыкчам батальонду көрсөттү

Бишкек милициясынын Ыкчам батальону түзүлүп, ишке киришти. Сүрөттөр

© Sputnik / Нурис Алымбаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32110

Иш-чаранын аягында жаңы кызматтын өздүк курамына коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча тапшырма берилди

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов шаар мэрине "102" линиясы боюнча иштей турган Ыкчам батальонду көрсөттү.

  • Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов шаар мэрине 102 линиясы боюнча иштей турган Ыкчам батальонду көрсөттү
    Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов шаар мэрине "102" линиясы боюнча иштей турган Ыкчам батальонду көрсөттү
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Рахмановдун айтымында, ички иштер органдарын реформалоонун алгагында түзүлгөн кызмат ишин расмий түрдө баштады
    Рахмановдун айтымында, ички иштер органдарын реформалоонун алгагында түзүлгөн кызмат ишин расмий түрдө баштады
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Ал эми аталган кызматтын командири Акылбек Бекишев шаардык ички иштер башкармалыгынын ичинде жаңы курам түзүүгө ички миграциянын өсүшү жана кылмыштуулуктун көбөйгөнү түрткү болгонун айтты
    Ал эми аталган кызматтын командири Акылбек Бекишев шаардык ички иштер башкармалыгынын ичинде жаңы курам түзүүгө ички миграциянын өсүшү жана кылмыштуулуктун көбөйгөнү түрткү болгонун айтты
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Ыкчам батальон Кайгуул милициясынан кескин айырмаланып, жол кыймылындагы коопсуздукка жооп бербейт
    Ыкчам батальон Кайгуул милициясынан кескин айырмаланып, жол кыймылындагы коопсуздукка жооп бербейт
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Иш-чаранын аягында жаңы кызматтын өздүк курамына коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун  сактоо боюнча тапшырма берилди.
    Иш-чаранын аягында жаңы кызматтын өздүк курамына коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча тапшырма берилди.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 5
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов шаар мэрине "102" линиясы боюнча иштей турган Ыкчам батальонду көрсөттү

Рахмановдун айтымында, ички иштер органдарын реформалоонун алгагында түзүлгөн кызмат ишин расмий түрдө баштады.

Ал эми аталган кызматтын командири Акылбек Бекишев шаардык ички иштер башкармалыгынын ичинде жаңы курам түзүүгө ички миграциянын өсүшү жана кылмыштуулуктун көбөйгөнү түрткү болгонун айтты.

"Калктын саны өсүшү менен "102ге" чакыруулар дагы көбөйдү. Ыкчам батальондун кызматкерлери дал ушул жакка түшкөн чакыруулар боюнча иштешет. Ошондой эле жергиликтүү бийлик, мэрия менен тыгыз байланышта болот", — деди Бекишев.

Ыкчам батальон Кайгуул милициясынан кескин айырмаланып, жол кыймылындагы коопсуздукка жооп бербейт.

"Мурда Кайгуул милициясы жолдогу тартипти кароо менен бирге "102ге" түшкөн чакырууларга дагы барчу", — деп түшүндүрдү Бекишев.

Иш-чаранын аягында жаңы кызматтын өздүк курамына коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун  сактоо боюнча тапшырма берилди.

Тема боюнча

Кайра түзүлгөн Кайгуул милициясынын унаасы кандай болот. Сүрөт
Бишкектин милициясы 500 кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Текшерүү башталды
Белгилер:
батальон, ШИИБ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ