Абадан коргонуу аскерлери аскада калгандарды куткаруу боюнча машыгуудан өттү

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСпасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области
Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы аскер учкучтары 150 адамга жардам көрсөткөн

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Абадан коргонуу күчтөрүнүн авиациялык курамы Ми-8 тик учагы менен деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги тоолу аймактарга конуу боюнча машыгууларды өткөрдү. Бул туурасында КРдин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

20-22-декабрь күндөрү 23565 аскердик бөлүктүн учкучтары аскердик даярдыктарды көрүү планына ылайык машыгууларды өткөрдү.

Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак полициясы митингге чыккандарды кантип таратуу керектигин үйрөндү. Видео
Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик авиациясы Куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгү болуп саналат. Аскерлер куткаруу операцияларын жана бийик тоолордо жаракат алгандарга (анын ичинде тууристтерди да) эвакуациялоо иштерин жүргүзөт.

Өткөн жылы аскер учкучтары 25 куткаруу жана эвакуациялоо иштерин жүргүзүп бийик тоодогу 150 адамга жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0