Өмүрбек Текебаев жөнүндө 10 факты. Абактан тоскон 59 жаш

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЗампред Временного правительства Киргизии Омурбек Текебаев
Зампред Временного правительства Киргизии Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында туулган. Бүгүн коомдук ишмер жана саясатчы 59 жашын абакта тосуп жатат.

26 жылдык депутаттык өмүр. Өмүрбек Текебаев 1992-жылы "Ата-Мекен" социалисттик партиясын түптөгөн. Кыргыз саясатчыларынын ичинен айырмаланып, Жогорку Кеңештин алты чакырылышына катары менен депутат болгон. Ал 1991-жылдын "Эркин Кыргызстан" улуттук-демократиялык партиясын негиздесе, чоң саясатка "Ата-Мекен" менен кирген. Кыргызстандагы коомдук ишмерлердин ичинен 26 жылдан бери саясий айдыңында келе жатат. Бул адам эмгек жолун мектепте физика мугалимдигинен баштаган.

Түбөлүк оппозициячыл, коомдун санитары. Текебаев эки ирет — 1995-жылы, андан соң 2000-жылы президенттик шайлоого ошол кезде абакта жаткан Феликс Куловдун партиясы менен кошо катышкан. Ал эми 2017-жылы катышууга ниеттенгени менен, сот иштерине байланышуу талапкер катары каттала алган жок. 

© Sputnik / Расул УсеналиевСот 16-августта Өмүрбек Текебаевди коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратты
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Сот 16-августта Өмүрбек Текебаевди коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратты

Жоогазын ыңкылабы жана Текебаев. Ал Кыргызстандагы саясий ири бурулуштун бири – Аскар Акаевди бийликтен кетирген 2005-жылдагы ыңкылаптын башында тургандардын бири эле. Ал 25-мартта мандатынан баш тартканын жана элге кошулгандыгын билдирген. Анткен менен, ыңкылапчы кийин жаңы бийликтин тушундагы жаңы шайлоодо кайрадан депутат болду.

Кандан бектен кайра тартпаган мүнөзү. Алды-артын карабай сүйлөгөнү, чапчаң мүнөзү менен ар кыл кырдаалдарга кабылган учуру болгон. Маселен, Курманбек Бакиев президент болгон мезгилде тирешүүнүн, андан соң кескин айтылган сөздүн айынан, (2006-жылы февралда) Жогорку Кеңештин спикерлигинен кеткен. Анын ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков менен айтыша кетип, Коопсуздук кеңештин жыйынын таштап баса берген учуру көптөрдүн эсинде.

"Матрешка-гейт"… Президент Бакиев экөөнүн мамилеси суугандан тарта, Текебаев күтүүсүз "белектерге" туш боло баштады. 2006-жылдын сентябрында Варшавадагы (Польша) аэропортто бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда, анын жүгүнөн, жыгач куурчактардын ичинен 600 грамм героин табылган. Бирок, саясий анын абалын эске алган Польша бийлиги күнөөлүү деп тапкан эмес. Ал Текебаевдин өмүр жолунда "матрешка-гейт" деген аталыш менен жазылып калды. 

Экинчи ыңкылапты баштан кечирип. 2010-жылы оппозиция тарабынан электр энергиясы боюнча тариф, бир катар мамлекеттик ишканаларды мамлекетке берүү, ЦАРИИни таратуу талаптары коюлуп, эл козголо баштаган. 7-апрелде бийлик өзгөчө кырдаал киргизип, ал эми оппозициячыл Текебаев абакка отурду. Анткен менен Бакиев бийлигинин аракети кеч болуп калган эле. Бийликке Убактылуу өкмөт келип, Текебаевге аталган өкмөттүн төрайымынын орун басарлыгы жана конституциялык реформаны жүргүзүү милдети жүктөлдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары менен соңку жыйында
Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары менен соңку жыйында

Мародерлук тууралуу… Өлкөдө президенттер бийликти биринен экинчисине тынч жол менен өткөрүп берип, ал эми саясатчы Текебаев адаттагысындай эле укук талаасында, мыйзам айдыңында жүрдү. Бирок анын ысымы 2010-жылы апрель окуяларында тоноочулукка тийиштиги бар деп партиялаштары менен кошо аталды. Бул коомчулукта көп сөздү, талкууну, саясатчыны сыйлагандардын арасында көңүл калууну жаратты. Анткен менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаевге депутат болуп келүү шыбагасы кайрадан буюрган.

Депутаттын башына айланган кара булут. Текебаев 2017-жылдын 26-февралында Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, камакка алынды.

Депутатка "2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп, андан бир миллион доллар алган" деп айып тагылды. Ал эми 16-августта сот Текебаевди коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарып, 1-ноябрда мандаты алынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүУбактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда. 2010-жыл, 14-июнь
Зампред Временного правительства Киргизии Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда. 2010-жыл, 14-июнь

Абактан жазылган кат. Текебаев абакта отурганда элге кат жазып, чындык өзү тарапта деген пикирин билдирген. "Мага ишенип жана колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат! Мен өзүмдүн ак экендигиме ишенем… Чындык ар дайым жеңет", — деп жазган экс-депутат

Үй-бүлө жана өмүр. Текебаев Айданек, Айсара, Амантур, Эсентур аттуу уул-кыздардын атасы. Жубайы Айгүл Текебаева кесиби боюнча модельер-конструктор. Саясатчы Текебаев маектеринин биринде жакшы партия түзүү бүтүндөй бир өмүрдү талап кылат деп айтканы бар. Өзү айткандай, ал буга чейинки 26 жылдык өмүрүн саясатка, конституцияга, мыйзам чыгарууга арнады.

Жаңылыктар түрмөгү
0