Коюу тумандан улам "Манас" аба майданы ишин токтотту

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коюу тумандын кесепетинен эл аралык "Манас" аэропортуна 4 учак коно албай койгон

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аба майданы Бишкектеги коюу туманга байланыштуу ишин токтотту. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Самолет Ту-154м авиакомпании Аэрофлот - Sputnik Кыргызстан
Оштон Москвага күн сайын каттаган авиарейс ачылат
Аэропорттун учуп-конуу тилкесинде 100 метрлик аралыкты көрүү начарлагандыктан учуктар кабыл алынбай жана учуп чыгарылбай жатат.

Кечигип жаткан "Аэрофлот", "Fly Dubai", "Урал аба жолдору" жана "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлдөрү жүргүнүчлөр менен иш алып барууда.

Буга чейин коюу тумандан улам эл аралык "Манас" аэропортуна 4 учак коно албай Оштогу, Астанадагы жана Алматыдагы кошумча аэродромдорго конушканы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0