БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө эки күн көгүлтүр оту жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 25-26-декабрь күндөрү борбор калаанын Горький, Фатьянов, Медеров, Абай көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Көгүлтүр от газ куурларын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.