Биометрикалык паспорттун баасы жаңы жылда канча болот. Мамкаттоонун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калкты тейлөө борборлору ишемби күндөрү жана 23-30-декабрда иштеп, кызматкерлер түштөнүү убагын 30 мүнөткө кыскартат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 2018-жылдын 1-январынан тарта электрондук ID-картанын, башкача айтканда биометрикалык паспорттун баасы 320 сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Биометрикалык паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык паспортту бекер берүү 31-декабрда аяктайт
Бул эски үлгүдөгү ID-картанын баасынан 110 сомго арзан.

Мамкаттоо кызматы, жаңы жылда паспорттун баасы кымбаттайт деген имиштер чындыкка коошпой турганын белгиледи.

Буга чейин Калкты тейлөө борборлору иштөө режимин өзгөртөрү белгилүү болгон. Буга 1-январга чейин паспортту бекер алууга мүмкүн болгондуктан, каалоочулардын саны өскөнү себеп болгону айтылган.

Калкты тейлөө борборлору ишемби күндөрү жана 23-30-декабрда иштеп, кызматкерлер түштөнүү убагын 30 мүнөткө кыскартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0