Жогорку Кеңештин жыйыны эртеңкиге жылды. Парламенттин түшүндүрмөсү

Жазылуу
Күн тартибине тогуз маселе кирген

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны эртеңкиге жылганы маалымдалып, бирок буга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги парламенттин маалымат кызматына кайрылып, аталган суроого жооп алды.

Белгилей кетсек, жыйын эртең менен башталмак. Маалымат кызматы сервердеги көйгөйдөн улам депутаттарды каттоого жана электрондук добуш берүүгө мүмкүн болбой калганын айтып берди.

"Жыйын саат 14.00гө жылган. Бул убакыт аралыгында айрым кемчиликтер жоюлуп, бирок мыйзам долбоорлору экранга чыкпай калган. Мындан улам жыйын эртеңкиге жылды", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күн тартибине тогуз маселе коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0