№2 аялдар абагында заман талабына ылайык медициналык-санитардык бөлүк ачылат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАбактагы аял. Архив
Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган түзөтүү конониясында 300гө жакын аял жаза өтөөдө

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бүгүн Степное айылында жайгашкан №2 аялдар абагында заман талабына ылайык техникалар менен жабдылган медициналык-санитардык бөлүк ачылат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

"Жаңы имаратты курууга жана жабдууларды алууга Кыргызстандагы Кызыл ай коому көмөк көрсөттү. Мыкты жабдуулар менен камсыз болгон имаратта абактагыларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, №2 түзөтүү конониясында 300гө жакын аял жаза өтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0