Нарын: бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилиши кейитип... Жөлөк пул, ачкачылык, нааразылык"

© © SputnikНарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты
Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын сураштырып, жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын күңгөй-тескейин териштирип көрдү.

© © SputnikНарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты
Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты
© © SputnikБалдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон
Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон
© © SputnikАталган мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирмек.
Аталган мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирмек. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирмек.
1/3
Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты
2/3
Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон
3/3
Аталган мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирмек.

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамы

Эгиз балдарды көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп
Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон. Аталган мыйзам долбоору 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирмек.

Жаңы жазылган мыйзам долбоордун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын төмөнкүчө бекитишкен:

"Балага сүйүнчү" – ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү акча — 4 миң сом;

"Балага жөлөк" — 3 жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ай сайын берилчү жөлөк пул – 700 сом;

"Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул – 500 сом.

Бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилишине кейиген энелер

Нарын шаарындагы майыптар коомунун жетекчиси Замира Абдраева жөлөк пулдар боюнча мыйзамга каршы чыккандардын бири. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорунда бир-эки баласы бар ата-энелер эске алынбай калган. Мындан улам митингге чыккандар буга чейин иштеп келе жаткан мыйзамды калтыруу талабын коюшуда.

Многодетная мать одиночка Алмакан Туратова - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз бой эне Туратова: вагондогу турмуш, чарчаткан 13 чакырым, онтоткон оору
"Жаңы мыйзам боюнча эгер 6 балалуу үй-бүлө болсо, алар төртүнчү жана бешинчи баласына тоолуу аймак деп 750 сомдон 1500 миң сом алып, бир же эки баласы бар үй-бүлөлөргө таптакыр жөлөк пул чыкпай калат экен. Буга макул эмеспиз. Анткени бир же эки баласы бар жесир аял же менин кызыма окшош жалгыз бой майып аял болушу ыктымал. Аларга эч кандай жөлөк пул чыкпайт деп жатышат. Үйдө кызым экөөбүз тең II топтогу майыптарбыз. Буга чейин ал бир кызына 1250 сом алчу. Азыр кызы 3 жаштан ашты. Жаңы мыйзам ишке кирсе небереме жөлөк пул чыкпай калат экен. Экөөбүз тең ишке жарамсыз болсок, жөлөк пул аз болсо да оокатыбызга жарап турчу. Өлкөдө бизге окшогон канчалаган аял бар", — деди Абдраева.

Митингге чыгып, ачкачылык жарыялагандардын арасында Зыйнагүл Сагындыкова да бар. Учурда эки баласы жана эки небересине 4800 сом жөлөк пул алат. Бирок жаңы мыйзам ишке ашып калса, алардын бирине эле 1000 сомго жетпеген акча чыгып калат экен деп кейип жаткан кези.

Ал мурдагы таржымакалын айтып өттү. 2010-жылы 7-апрелде башына ок тийип майып болуптур. Эки жолу турмушка чыгып, беш балалуу болгонун да айтты. 

"Улуу эки кызым күйөөдө эле. Анын бири ажырашып кетип, учурда колумда 4-10-класста окуган эки балам бар. Андан сырткары төрт, бир жарым жаштагы неберелеримди багам. Буга чейин 4800 сом жөлөк пул менен эптеп жан сактап келсек, эми жаңы мыйзам ишке ашып калса 1,5 жашар небереме 1000 сомго жетпеген акча алып калат экенмин. Ал эмнеге жетет? Үйүбүз жок", — деди Зыйнагүл Сагындыкова.

Жаңы мыйзам эскиден эмнеси менен айырмаланат?

Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация берүү башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева мурда жөлөк пулду аз камсыз гана үй-бүлөлөрдүн балдары алса, жаңы мыйзамда бардык балдар бирдей акча аларын айтты.

Жаңы мыйзам боюнча жөлөк пул үй-бүлөнүн эч кандай кирешесин эсепке албастан берилет.

"Бир-эки баланы ата-эне эптеп акча таап бакса болот, жакырчылык 3-баладан баштап билинет. Нарында митингге чыккандар 1-баладан баштап эле жөлөк пул төлөгүлө деп жатышат. Биринчиден, муну мамлекеттин бюджети көтөрө албайт. Ар бир ата-эне баланы пландап, акчаны өзү иштеп таап, бакканга аракет кылыш керек. Негизи жөлөк пул ата-энеге убактылуу гана берилчү көмөк акча. Ага таянып 20 жылдан бери алып, көнүп алган адамдар бар", — деди Турганбаева.

Ал арада бүгүн өкмөттөн аталган мыйзамдын "балага сүйүнчү" жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушталып жатканын билдиришти. Андан сырткары жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна кайра киргизилгенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0