АКШ өкүлү Кыргызстан коңшулардын эмнеси менен айырмаланарын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековФлаг Кыргызской Республики на заседании
Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алан Мельтцер АКШнын убактылуу өкүлү, ал элчи дайындалганга чейин дипөкүлчүлүктү жетектеп турат

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги өз ишинде эл үчүн кызмат кыла турганын көрсөтө алды. Мындай пикирин АКШнын убактылуу өкүлү Алан Мельтцер КРдин мамлекеттик органдардын коомдук байкоочу кеңештеринин жылдык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан аймактагы башка мамлекеттердин жарандык коомдун өнүгүү деңгээли боюнча алдыга чыккан. Коомдук байкоочу кеңештер мамлекеттик органдар менен элдин кызматташуусуна жакшы өбөлгө түзүп берип жатат.

"Коомдук байкоочу кеңештердин түзүлүшү менен Кыргызстандын бийлиги эл үчүн иштеп жатканын көрсөтө алды. Бул Борбор Азиядагы өзгөчө көрүнүш", — деди Мельтцер.

Ал байкоочу кеңештер иштин ачыктыгын камсыз кылууга эбегейсиз салым кошту деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0