Саякат жөнүндөгү телеканал Кыргызстандын айдоочулары тууралуу тасма тартты

© Sputnik / Александр ФедоровПеревал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош
Перевал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Travel+Adventure каналы "Эң коркунучтуу саякат" теледолбоорунун алкагында Кыргызстан тууралуу документалдуу тасма тарткан

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Фильмдин авторлору Памирдин тоолуу жолдору менен такай каттап, Оштон алган мөмө-жемиштерди алыскы тажик айылдарына чейин жеткирген айдоочулар тууралуу баяндашкан.

"Тоодо тоңуп калган жолдор менен чакан жүк ташуучу автоунаа баратат. Жолдун татаалдыгына карабастан элге кичине болсо да кубаныч тартуулоону алар өздөрүнө милдет кылып алышкан. Жаңы жылда бул алыскы аймактын тургундары белек катары мандариндерди алышат", — деп тасманын жаратуучулары белгилешет.

Travel+Adventure каналы саякат, туризм, активдүү эс алуу тууралуу тасмаларды тартып, аны көрөрмандарга сунуштап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0