Бишкекте дүлөйлөр үчүн япон тасмасы көрсөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма КРде биринчи жолу 2016-жылы JICA ыктыярчылары тарабынан орус тилинде көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте япондордун дүлөйлөр үчүн тартылып, кыргыз тилине которулган "Юзуриха дарагы" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу фильмди кыргыз тилине которуу жана коомчулукка тартуулоону колго алган "Эгемендик айымдар" клубунун жетекчиси Элвира Боромбаева билдирди.

Анын айтымында, майыптардын коомчулук тараптан өгөйлөнүү көйгөйү Кыргызстанда олуттуу бойдон калууда.

"Капысынан кезиктирип калган майыптарга жардам көрсөткөндөр жок эмес. Бирок аны байкамаксан болуп өтүүгө аракет кылгандар дагы бар. Аталган тасма мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн коомчулукка ичинен көрсөтүү", — деди Боромбаева.

Тасма КРде биринчи жолу 2016-жылы JICA ыктыярчылары тарабынан орус тилинде көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0