Айдоочу милиционерди кантип коюп кеткенин өзү айтып берди

Жазылуу
Милиция кызматкерин коюп кеткен айдоочу 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Lexus LX-470 үлгүсүндөгү унаа менен милиционерди коюп кеткен айдоочу жазган түшүнүк катында шок абалында болгондуктан качып кеткенин билдирген. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты (ЖКККББ).

© Фото / Предоставлено правоохранительными органамиМилицияны коюп кеткен шектүү жаран
Милицияны коюп кеткен шектүү жаран - Sputnik Кыргызстан
1/2
Милицияны коюп кеткен шектүү жаран
© Фото / Предоставлено правоохранительными органамиАл жол сакчысын Lexus LX-470 үлгүсүндөгү унаа менен сүзгөн
Ал жол сакчысын Lexus LX-470 үлгүсүндөгү унаа менен сүзгөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал жол сакчысын Lexus LX-470 үлгүсүндөгү унаа менен сүзгөн
1/2
Милицияны коюп кеткен шектүү жаран
2/2
Ал жол сакчысын Lexus LX-470 үлгүсүндөгү унаа менен сүзгөн

Белгилей кетсек, жекшембиде борбор калаанын түштүк тарабында үлпөт тойго чыккан картеж инспекторду сүзүп качып кеткен. "Перехват" планы жарыяланып артынан кууп жетпей калышкан. Кийинчерээк ЖКККББ издөө бөлүмү тарабынан аталган окуяга шектелип 19 жаштагы Lexus LX-470 унаасынын айдоочусу кармалган.

© Фото / Предоставлено правоохранительными органамиКармалган адамдын түшүнүк каты
Автонаезд на сотрудника УОБДД ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кармалган адамдын түшүнүк каты

Кармалган бала түшүнүк кат жазды. Анда ал милиционерди коюп кеткенден кийин шок абалында качып кеткенин билдирген.

"Айдоочу унаасын 7-кичи райондогу 38-үйдүн жанындагы унаа токтотуучу жайга таштап кеткен. Кийин ага телефон чалышып, аны милиция издеп жатканын кабарлашкан. Ошентип Жукеев-Пудовкин менен Донецкая көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери менен жолуккан", — деп айтылат маалыматта.

102 кызматынын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылганын Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милициянын унаасын талкалай сүзүштү. Жабыр тарткандар бар
ЖКККББнын маалыматы боюнча кармалган айдоочу буга чейин жол эрежесин бузгандыгы үчүн 11 ирет административдик айыпка жыгылып, унаасы айып короого токтотулган.

Териштирүү учурунда айдоочу жогорку окуу жайлардын биринде экинчи курста "юриспруденция" адистиги боюнча билим алары белгилүү болгон. Тийиштүү маалымат университетке жиберилди.

Ага карата кылмыш жаза кодексинин 341-беренси (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эгер анын айыбы далилденсе 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0