Кызым, бөпөм! Өмүрдүн таттуулугун, күндүн жылуулугун сенден сездим…

© AFP / DIDIER PALLAGESФранко-британская больница в Левалуа-Пере
Франко-британская больница в Левалуа-Пере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Исмаил Мамытовдун "Кыздарды аздектейли" конкурсуна жазылган дил баянын сунуштайбыз.

Автор жакында өзү күбө болгон окуяны сүрөттөгөн. Ата болгон жаш жигиттин жан дүйнө жаңырыгын кагазга түшүрүп, кандан жаралган баланын, кыз баланын анын аркы жашоосуна тийгизген таасирин, чачкан жарыгын жазыптыр.

Мындан туура 25 жыл илгери 18-октябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында кызыл эт балапан жарык дүйнөгө келген. Жарык дүйнөгө жаңы баланын келиши менен ошол айылдын бир тургуну о дүйнөгө узаган. Ал адам менин апам эле. Төрөттөн тирүү чыкпай, жанын мага берди да, үзүлүп кете берди…

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Кызым, кызыл тузум!.. Ата менен кыз баланын ортосундагы 7 "болбойт"
Атамдын апама болгон сүйүүсү чексиз, урматы бүтпөс болгондуктан башка аял менен баш кошподу. Туугандар канча ирет аракет кылганы менен беттегенин бербей, көк таштай көгөрдү. Акырындап туугандардын да деми басылып, үмүтү үзүлдү. Ошентип атам экөөбүз ээрчишип, тагдырдын татаал ашуусунда жалгыз калдык. Атакем, атоом… байкушум менин. Жалындаган жаштыгын, өмүрүн мага арнады. Жалгыз баласы болгондуктан үзүлүп түшүп, бар тапканын бапырап мага алып келет. Жанынан карыш жылдырбай, бооруна кысат. Мээримин төгүп, эркелетет. Бирок эмнегедир кысылып, кыйнала берем. Бир нерсе жетишпей турат…

Жетиге чыкканымда жетелеп мектепке алып барды. Терисине батпай кубанып, кудуңдап алган. Көчөдөн өткөн адамдардын баары менен ийилип учурашып, тамашага салат. Каткырып күлөт. Өзүн ааламдагы эң бактылуу адам сезип, булуттун үстү менен басып бара жатты. Класстагы эң алдыңкы партага отургузуп, "жарыгым, жакшы оку" деди да чыгып кетти. Бир сааттан кийин мугалим эжеке баласын жетелеп келип мени тургузду да ордума баласын отургузуп, мени болсо эң акыркы партага жылдырып койду.

Мектепке чейин атамдын жанынан чыкпай жүрө бергендиктен эне деген ким экенин, мээримдүү, күйүмдүү жан болорун классташтарымдын апаларын көрүп билдим. Менин ордумду алып койгон баланын апасы, класс жетекчибиз уулун эркелетип, бөпөлөп жатканда мага ушунча жылдан бери эмне жетпей жатканын түшүндүм. Бир ирет ошол бала менен уруша кетип, аны апасы чекесинен сылап, көзүнүн жашын аарчыганда, мени урушуп класстан чыгарып койгондо… жүрөгүм канап, көздөн жаш чыкпай калганча боздодум. Шолоктоп ыйлап атама келсем "Эркек бол! Экинчи жашыңды көрбөйүн!" деп урушту. Көздөгү жаш тыйылган менен жүрөктүн жашы тыйылбады. Өзүмө өзүм батпай, өзөгүм өрттөнүп, жан дүйнөмдөгү бүлбүлдөп жанып турган жарык жалп этип өчтү. Ошондон кийин жашымды атама көрсөткүс болдум. Атам болсо мен 3-класс болгондо "Кумтөргө" айдоочу болуп ишке кирди. 15 күн үйдө, 15 күн "Кумтөрдө" болот.

Автоспорт. Формула -1. Гран-при России. Гонка - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнгөндө... Өмүргө тете бир күндүн баяны
Кычыраган кыш. Айылдын ортосунда сырты акталбаган, салынгандан бери оңдолбогон үй турат. Короосу эбак эскирип, казыктары чирип бүткөн. Тийип койсо эле кулап кетчүдөй болуп тандыр араң гана карды көтөрүп турат. Көп жылдан бери очокко от жагылбагандыктан иттин уясына айланган. Терезеден эптеп эле кирген жарыктын нуру болбосо, үйдүн ичи күңүрт караңгы. Үч күндөн бери от жагылбагандыктан муз менен таш. Эшик акырын ачылып, жүдөгөн бала чыкты да, башын жерге сала жалгыз аяк жол менен мектеп тарапка жөнөдү.

Эненин жытына, мээримине, жылуулугуна зар болуп жүрүп жетилдим. Түнт, кепке кемтик, сөзгө мокок, тартынчаак болуп чоңойдум. Мектепти бүткөн соң атамдан алыс кетпейин деп Караколго эле окууга тапшырдым. Атамдын суранганы болбосо окууга деле каалоом жок эле. Ошентип студенттик жашоо башталды. Арадан билинбей эле беш жыл өттү…

Коендой окшош күндөрдүн биринде жумуштан чыгып, жолдон өтүп бара жатсам артымдан кара нерсе келип тарс деди. Көзүмдөн от чагыла түшүп, эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам маңдайымда жаркыраган, жагымдуу кыз турат. Жүзүнөн жарык нур чачырап, көздөрү жымыңдайт. Кудум кол менен жасап койгондой сулуу. Мени карап жылмайды эле ушунча жылдан бери муздап турган жүрөгүмө жылуулук кирип, бир кезде өчкөн жарык нур күйгөндөй болду. Көрсө, мени унаа сүзүп кетип, айдоочу кыз мага жардам берип жаткан экен.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Айгерим ооруканага күн узабай келип тургандыктан бат эле тил табыша кеттик. Абдан жөнөкөй, ыймандуу кыз экен. Жараткан мени аяды окшойт, Айгерим менен алгач дос, кийин кыз-жигит болуп кеттик. Ошондон тартып жашоом 180 градуска өзгөрдү. Көрсө, жашоо керемет тура! Күн узабай жолугуп, эркелешип, эзилишип басабыз. Сүйүүгө тойбой, махабатка мас болобуз. Абанын таттуулугун, күндүн жылуулугун, жашоонун жыргалын Айгеримдин арты менен сездим. Кыз жандап калган соң элге окшоп жасанып кийинип, чачты суулап тарап калдым. Түнт мүнөзүм өзгөрүп, көкүрөктөгү казынам ачылды. Жыл узабай ак жоолук салып, түбөлүккө бир болууга бел байладык. Периштемдин келиши менен үйүбүзгө жарык, жылуулук кирди. Береке менен ырыскы конду. Короо-жай оңдолуп, очокко от жагылды. Атамдын маанайы көтөрүлүп, мурункудай көп оорубай калды.

Бүгүн 18-октябрь. Мен жарык дүйнөгө келген, апам каза болгон күн. Мындан ары кайгырууга, азап чегүүгө чекит коюлган күн. Анткени бүгүн мен карлыгачымды, кызыл тузум кызымды койнума алып алгачкы ирет ата болуп турам. Мен бүгүн кайрадан төрөлүп жатам. Периштемди колума алып, буга чейинки эски жашоомду бир эскерип алып, андан соң аны менен кош айтышып турам.

P.S Сүйүүнүн отун тамызган, жашоого жарык нур берген аялзаты, бар болуңуздар. Сиздер бар жашоо жарык, күн нурлуу, аалам сулуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0