Парламенттик комиссия көмүлгөн мумияны кайра музейге кайтарууну көздөп жатат

© Фото / Феруза Аскарбек КызыЗахоронение мумии в Баткенской области
Захоронение мумии в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалуу табылга ордуна кайтарылса окумуштуулар аны изилдөөгө даяр

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге көмүлгөн Тарых музейиндеги мумияны парламенттик комиссия ордуна кайтаруу боюнча сунушун берди. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын сунуштамасы комитетте каралат. Ал жактан токтом кабыл алынса өкмөт иштей баштайт.

"Сейрек экспонаттар музейде турушу керек. Дүйнө мамлекеттери мындай баалуу табылгаларды казып таба албай жатса, биздин көөмп салганыбыз туура эмес", — деди Жумагулов.

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү? Бүтпөгөн сөөк чыры
Белгилей кетсек, мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаковдун учурунда мумия чыры чыгып, 1970-жылдардан бери музейде турган табылга изилденбей жатканы айтылган. Андан соң Баткенге көмүлгөн

Жумагуловдун билдиргенине караганда, мумия ордуна кайтарылса окумуштуулар иликтөө иштерин баштоого даяр.

"Көмүлгөн мумия коомдук резонансты жаратып калды. Эгер ал ордуна кайтарылса, окумуштуулар аны изилдөөгө жана аны сактоо үчүн жардам берүүгө даяр", — деп белгиледи министр.

Эске салсак, мумия чырынан кийин маданият министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Султан Жумагулов дайындалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0