"Бешинчи каналдын" жетекчилиги иштен кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБешинчи каналдын логотиби менен микрофон. Архив
Бешинчи каналдын логотиби менен микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бердникованын ордуна ким жаңы жетекчи болуп келе турганы азырынча белгисиз

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Бешинчи каналдын" жетекчиси Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул туурасында алар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Бердникова анын ордуна ким келерин билбей тургандыгын айтты.

"Иштен кетүү боюнча арызды өз каалоом менен жаздым. Бул жерде декабрдын аягына чейин иштеп турам, андан кийин жаңы жетекчи келет. Анын ким экендигин билбейм. Жаңы жетекчини дайындоо боюнча чечимди Мамлекеттик мүлк фондусу "Бешинчи каналдын" юридикалык түптөөчүлөрү менен биргеликте кабыл алышат", — деди Бердникова.

Дмитрий Ложников жетекчиликтин иштен кетиши телеканал жабылат дегендик эмес экендигин билдирди.

Жабык түрдөгү "Бешинчи канал" АКсы алгач КООРТ телекампаниясы болуп түптөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0