БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мамэкотехинспекциянын талаптарын өз убагында аткарбагандыгы үчүн Кара-Суу базарынын ээлерине 195 000 сом айып салынды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Инспекторлор тарабынан базарды текшерүү учурунда баш аламан соода күркөлөр, контейнерлер жана долбоордон сырткары курулуштар жайгашкандыгы аныкталган.
"Мамэкотехинспекциянын көрсөтмөсүнүн негезинде 100 контейнер жылдырылды. 31 кичи базар ээлерине контейнерлерди тез арада ирээтке келтирип, долбоордон сырткары жайгашкан курулуштарды буздуруу талабы коюлду. Талаптарын өз убагында аткарбай, шалаакы мамиле жасаган базар жетекчилигине 195 000 сом айып салынып толугу менен өндүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Мамэкотехинспекция тарабынан өткөрүлгөн машыгууларда башаламан жайгашкан курулуштардан улам, өрт өчүрүүчү унаалардын Кара-Суу базарына кирип чыга албай турганы аныкталган. Ошондой эле энергетикалык, өрт, курулуш коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер табылган. Мындан улам базар жетекчилигине эскертүү берилген болчу. Бирок коюлган талаптар толук кандуу аткарылган эмес.