Биометрикалык паспортту бекер берүү 31-декабрда аяктайт

Жазылуу
Жаңы паспорт алуу үчүн биометрикалык маалымат тапшыруу керек

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Биометрикалык паспорт 31-декабрга чейин гана бекер берилерин мамлекеттик каттоо кызматы эскертет.

Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйдөн же жумуштан чыкпай эле паспорт алуунун жол-жобосу
Жыл аягына чейин жарандар 2004-жылкы (ID-карт) жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун жаңы биометрикалык паспортко белгиленген тартипте бекер алмаштыра алат. Эгер паспорт шашылыш түрдө керек болсо ага акча төлөнөт.

Белгилей кетсек, 2017-жылкы үлгүдөгү жаңы паспортту алуу үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу керек.

Эгер сиз паспортуңузду жоготуп алсаңыз аны кантип калыбына келтирүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0