Чүйдүн айрым бөлүктөрүндө газ берүү үзгүлтүккө учурайт

© AFP / BARBARA SAX Газ плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Чүйдүн айрым аймактарында көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бүгүн, 14-декабрда саат 10.00дөн 16.30га чейин Токмок шаарындагы Автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясында газ жок болот.

Ал эми 14-15-декабрда Шопоков шаарынын Топографическая, Геологическая, Геофизическая, Линейная көчөлөрүнө газ берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0