Жээнбеков: Бишкектеги 84 бала бакчанын 10у гана кыргыз тилинде иш жүргүзөт экен

Жазылуу
Президент иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү маселесине көңүл бурду

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып, жаш муундун тил билүү маселесин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Образование в школах КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков орус тилинин расмий статусу кандай болорун айтты
Алар өсүп келе жаткан муундун кыргыз тили менен бирге расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо маселесине токтолушкан.

Мындан тышкары, бала бакчалар маселесине өзгөчө басым жасалган. Жээнбеков Бишкек шаарында 84 бала бакчанын ичинен 10у гана, Ош шаарында 41 бала бакчадан 5и гана кыргыз тилинде иш жүргүзөрүн мисалга келтирген.

"Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кыргыз тилин жайылтуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынып, ага тиешелүү акча бөлүп берилген. Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – бул кыргыз тили болушу керек. Кыргыз тилин элдин биримдиги жана ынтымагынын өзөгү катары кабыл алышыбыз зарыл. Ал үчүн кыргыз тилин жайылтуу, үйрөтүү боюнча маселелерди чечиш керек", — деп белгилеген президент.

Жолугушууда мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Улуттук комиссиянын бардык министрликтерде жасаган мониторинги, иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0