Нарын: алыскы Ак-Сайда кыштаган малчыларга камкордук көрүү талкууланды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗимние чабанские стоянки в Республике Тыва
Зимние чабанские стоянки в Республике Тыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчы Аманбай Кайыпов жолдо кар күрткүлөрү пайда боло электе малга кошумча тоюттарын эртелеп жеткирүүнү тапшырды

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кыштап жаткан 97 түтүндөн турган малчыларга камкордук көрүп, малын жем-чөп менен камсыздоо маселеси Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө талкууланды. Бул туурасында аталган өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Облус башчы Аманбай Кайыпов жыйында малчылардын пикирлерин угуп, аны менен катар жолдо кар күрткүлөрү пайда боло электе малга кошумча тоюттарын эртелеп жеткирүүнү тапшырды.

Перевал Тоо-Ашуу на автодороге Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстандын бардык ашууларында жол ачык
Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жумаковдун айтымында, Ак-Сай өрөөнүндө кыштоого жеткирилген топоздун саны 4 миң 852 баш. Бул жалпы райондогу топоздун санынын 48 пайызын түзөт. Ал эми ири мүйүздүү малдын 12,5 пайызы, жылкынын 3 пайызы учурда Ак-Сай өрөөнүндө багылат.

Мал ээлери мал баккан адамдарды дары-дармек, ар бир үйдү аптечка менен камсыздап берүүнү сунуштады. Ал эми райондун акимине жалпы кырдаалды көзөмөлгө алууну, айыл өкмөт башчыларына малчылардын тизмесин тактап, токтом боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Жол тейлөө ишканасына кар күрткүсү пайда болгон учурда жол тазалоо иштерин убагында жүргүзүп туруу, медицина кызматкерлерине унаалардын даярдыгын текшерип, кызматка камдуу туруу айтылды.

Ак-Сай өрөөнүндө райондун 8 айыл аймагынын, тагыраагы, Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Суу, Талды-Суу айыл аймактарынын малчылары кыштайт. Малчылар жылда ал жерде тоют топтобостонмал-жанын кыштан чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0