Бишкекте күйөөсүн өлтүрдү делген аял кош бойлуу экени аныкталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКамактагы аял. Архив
Камактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял жасаган кылмышын моюнга алган

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Аял-күйөө чатакташып, жубайы аны бычак менен коркутам деп катуу уруп алганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аял чырга чекит коюу үчүн бычакты алып күйөөсүн демиткен.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто студенттин өлүмүнө шектелген 6 бала эки айга камакка алынды
Каргашалуу окуя 7-декабрда болгон. Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде уруш болуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган дарек боюнча барган милиция кызматкерлери кишинин сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган.

Аял жасаган кылмышын моюндап, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0