Невролог: демди жасалма токтотуп, андан ырахат алуу өлүмгө алып келет

© Фото / Гулдана ТалантбековаНевролог Темирбек Бекбоев. Архив
Невролог Темирбек Бекбоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гипоксия – бүтүндөй организмдин, анын ичинде органдар менен ткандардын кычкылтек жетишсиздигине кабылган абалы

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Күн мурун казакстандык интернет колдоонуучу Назым Тлеуханова тынчсыздануу менен видео жүктөгөн. Ал жактан мектеп курагындагы бала отуруп-туруп көнүгүү жасап, андан кийин экинчи бала анын төшүн бир нече жолу басканда өспүрүмдүн эси ооп түшкөнүн көрүүгө болот.

Дал ошол видеонун комментарийинде интернет колдонуучулар "бул балдар арасындагы оюн, бирок ден соолукка кесепети чоң" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы невролог Темирбек Бекбоев менен байланышып, видеодогу балдардын кадамы тууралуу медициналык түшүндүрмө алды.

Дети выстроились в живой коридор и избивали друг друга. МВД разбирается - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирин ур-тепкиге алгандардын видеосун милиция иликтөөгө алды
"Видеодогу ызы-чуу үндөн улам айланада эки баладан башка дагы адамдардын бар экендигин байкоого болот. Бала эс-учун жоготуп кулаганына караганда гипоксия оорусунун элементтери көрүнүп турат. Гипоксия – бүтүндөй организмдин, анын ичинде органдар менен ткандардын кычкылтек жетишсиздигине кабылган абалы. Бул учурда адам уйкусураган, эс-учун жоготкон абалда болот. Балдар муну менен ырахат алууну максат кылып жатса керек. Бирок кычкылтектин жетишсиздигинен өзгөчө борбордук нерв системасы, жүрөк, боор жана бөйрөк ткандары жабыркайт. Керек болсо өлүмгө дуушар болуу ыктымалдыгы күч," — деди Бекбоев.

Дарыгер ошондой эле кулап түшкөн баладан группалык гипнозду байкоого боло тургандыгын кошумчалады. Группалык гипноз — бул айланадагылардын ишенимине кирүү үчүн атайын жасалган кадам.

Жаңылыктар түрмөгү
0