БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар 1500 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүкэлектр" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, төлөнө элек каражаттын суммасы сегиз миллион сомго чукулдаган.
"Кыштын ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана дебиторлорго тез арада карыздан кутулууга чакырат. Төлөм терминалдардан, электрондук капчыктардан же банктын кассаларынан жүргүзүлсө "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле акылдуу эсептегичтерге кошулган абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлөрү белгиленген.
"Түндүкэлектр" кечээ, 11-октябрда дагы жалпы карызы 27,9 миллион сомду түзгөн 981 абоненетти жарыксыз калтырган.