Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында бир нече күнгө газ өчөт. Тизме

Жазылуу
Көгүлтүр оттун убактылуу токтотулуусу оңдоо иштерине байланыштуу

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маалымат кызматы апта башында Бишкек, Кант шаарлары жана Сокулук, Ленин, Новопавловка айылдарына газ берүү үзгүлтүккө учурай турганын билдирди.

Көгүлтүр оттун убактылуу токтотулуусу оңдоо иштерине байланыштуу

Көчөлөрдүн тизмеси:

— 11-12-декабрда Сокулук айылынын Мичурин, 8-март, Ленинград көчөлөрү;

— 11-15-декабрда Новопавловка айылы жана "Ала-Тоо" конушу;

— 11-15-декабрда Бишкектин Чүй проспектиси менен чектешкен Ибраимов, Москва, Калык Акиев, Жибек Жолу, Сүйүмбаев, Түгөлбай ата, Шопоков көчөлөрү;

— 12-13-декабрда Ленин айылынын Чыгыш, Виноград, Алматы, Маслопромский, Интернационал, Заречный, Набережный жана Түндүк көчөлөрү;

— 12-13-декабрда Кант шаарынын Ленинград көчөсү;

— 13-14-декабрда Бишкектин Абдрахманов көчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0