Соттолгон жарандардын депутат болушуна кандайча жол берилет? БШКнын жообу

Жазылуу
Коопсуздук кызматы жана коргоо агенттиктеринин бирикмесинин башчысы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференцияда Кыргызстандын мамлекеттик эмес коопсуздук жана коргоо кызматтары бирикмесинин төрагасы Акжол Исаев эмне үчүн соттолгон адамдар депутат же министр боло алат деген суроону узатты.

Ал ошондой эле шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап өттү.

"Партиянын тизмесине соттолгон кишилерди кошпой коюуга болобу? Жеке-коргоо ишмердиги жөнүндөгү мыйзамга ылайык, соттолгон киши күзөтчү болуп иштей албайт. Бирок айрымдар депутат, министр болуп кетип жатат. Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Бизди ИИМ текшерип, буга чейин соттолгон киши болсо аны кызматтан алууну талап кылышат. Ал эми соттолгон кишилер депутат болуп жатса, эч ким унчукпайт", — деди ал.

Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстан эл аралык стандарттарды колдонорун, сот актаган же иши жабылган кишилер шайлоого катыша аларын айтты. Ал ошондой эле бул нерсе коом арасында пикир келишпестиктерди жаратышы мүмкүндүгүн айтып, маселени Жогорку Кеңеш менен бирге чечүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0