Ош мэриясы: турак жайды камсыздандырууга кайдыгер мамиле жасалууда

Жазылуу
Муниципалитеттин кезектеги жыйыны 8-декабрь, жума күнү өткөн

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Ош шаарындагы 14 515 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин 9120сы турак жайын камсыздаган. Бул жалпы сандын 62,8 пайызын түзө турганын шаар мэриясы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, муниципалитеттин кезектеги жыйыны өтүп, Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаменттин директору Кутманалы Абдырахман уулу маалымат берген.

"Кыймылсыз мүлктү өрттөн жана табигий кырсыктардан камсыздандырууга тургундар кайдыгер мамиле жасашууда. Алсак, жеке сектордогу 32199 жер үйдүн ичинен 2 463 үй (7,6 пайыз), ал эми 33 966 көп кабаттуу үйдүн 1688 батири (5,0 пайыз) гана камсыздандырылган. Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин камсыздандырууну уюштуруу оор бойдон калып жатат", — деди Абдырахман уулу.

Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат - Sputnik Кыргызстан
Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат
Департамент жетекчиси турак жайларды өрттөн жана табигий кырсыктардан камсыздандырууну уюштуруу милдети жүктөлгөн "Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиалына олуттуу доомат коюуга негиз бар экенин белгиледи.

Муну менен бирге ал ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, анын кесепетин тез арада жоюуга ар ким өзү даяр болушу керек экенин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0