Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ишемби күнү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Подготовка Бишкека к Новому году - Sputnik Кыргызстан
Министрлик мектептерде кышкы каникул качан башталарын айтты
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында 1…6, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 3…8, Ысык-Көлдө 4…9 градус жылуу болот. Нарында 2 градус сууктан 3 градус чейин жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош калаасында күн ачык болуп, 5…7 градуска чейин жетиши күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0