11:34 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттериндеги чатырлар. Архивдик сүрөт

ӨКМ: кыргыз-казак чек арасындагы чатырлар жыйналды

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (86)
53 0 0

Президенттин фондусунан бөлүнгөн каражатка 38 күн бою чек арада турган айдоочуларга ысык тамак берилип турду

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттериндеги кырдаалдын жөнгө салынышынан улам ӨКМ тарабынан тигилген чатырлар жана жылытуучу мештер жыйналып алынганын аталган министрлик билдирди.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн чегинде көзөмөл пунктуларындагы абал 2017-жылдын 10-октябрынан тарта начарлай баштаган. Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүргүнчүлөр, жеңил жана ири жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. 11-октябрдан тарта ӨКМ чек ара аркылуу өткөн адамдарды ысык тамак жана жылуулук менен камсыз кылуу аракеттерин баштаган. Натыйжада "Ак-Тилек" пунктуна 10 орундуу беш чатыр, "Ак-Жол" бекетине 10 орундуу алты, "Чоң-Капкага" 30 орундуу үч жана "Чалдыбар" пунктуна 10 орундуу үч чатыр тигилип, жылытуучу меш, ичүүчү суу жана биоажаткана менен камсыздалышкан.

Мындан тышкары, 8-ноябрдан тарта жолдо кезек күтүп турган жүргүнчүлөрдү тамактандыруучу пунктулар уюштурулган. Президенттин фондусунан бөлүнгөн каражатка 38 күн бою чек арада турган айдоочуларга ысык тамак берилип турду. Маалыматка ылайык, орточо эсеп менен күнүгө 500-600 адам тамак-аш менен камсыздалган.

Мамлекеттик чек арадагы абалдын жөнгө салынышы менен 4-декабрь күнү тигилген чатырлар жыйналып, бардык жабдуулар кампага алып келинген.

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (86)

Тема боюнча

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фура жок
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн машиналардын саны он эсе азайды
Чек ара кызматы: кыргыз-казак чек арасынан фуралар тез өтүп баштады
Белгилер:
чатыр, кыргыз-казак чек арасы, ӨКМ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ