Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Кыргызгидромет 9-10-декабрга карата аба ырайынын божомолун жарыялады

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Дем алыш күндөрү — 9-10-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ночной Бишкек. Кадры с высоты птичьего полета - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу максималдуу деңгээлге жетти
Ага алайык, 9-декабрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерине кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн бүркөө болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми жекшемби күнү, 10-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Бишкекте 9-декабрда күн ачык болсо, 10-декабрда кар жаайт. Ош шаарында ишемби күнү кар себелеп, жекшемби күнү кар түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0