Жээнбеков "Кабар" маалымат агенттигин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчы "Кабар" ар дайым мезгил менен үзөңгүлөш жүрүүгө милдеттүү экенин баса белгилеген

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков куттуктоо сөзүндө "Кабар" Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын арасында өзгөчө орунду ээлеп, эл аралык деңгээлде да таанымал экенин белгилеген.

"1936-жылы Кыргызстан республика макамына ээ болуп, өзүнүн туусун, гербин жана гимнин кабыл алган. 1937-жылы "КыргызТАГ" аты менен таанымал маалымат агенттигин түзгөн. Ошондон бери республикабыздын коомчулугуна жана эл аралык аренага ыкчам жана объективдүү маалыматты жеткирип келет", — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

Мындан сырткары, ал "Кабар" ар дайым мезгил менен үзөңгүлөш жүрүүгө милдеттүү экенин баса белгилеген.

Зимняя Юношеская Олимпиада - 2012. Хоккей. Женщины. Финал - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков АКШда жеңишке жеткен хоккейчи бөбөктөрдү президенттик балатыга чакырды
"Учурда дүйнөдө маалыматтын баалуулугу күн өткөн сайын өсүп баратат. Ушул жагдайды эске алуу менен агенттик мультимедиалык ыкмаларды колдонуп, өзүнчө телестудия ачканы, алты тилде чет элдик окурмандарга – болочоктогу инвесторлорго, анын ичинде кытай жана араб тилдүү ишкерлерге Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзгөнү жакшы саамалык", — деп мамлекет башчы билдирген.

Ошондой эле Жээнбеков агенттик кылымга тете тарыхында калыптанган жакшы салттарын татыктуу улантып келерине ишеним көрсөтөрүн айтып, кызматкерлерине чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0