Карызы бар бишкектиктер дүйшөмбүдөн тарта жарыксыз калат

© AFP / SAID KHATIBЛагерь беженцев Рафах в секторе Газа
Лагерь беженцев Рафах в секторе Газа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акылдуу эсептегичтерге кошулган абоненттердин жарыгы аралыктан туруп эле өчүрүлөт

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 1500 абонент 11-декабрь, дүйшөмбү күнү жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, жарандардын карызы 8 миллион сомго чукулдап барат. 

"Кыштын ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт. Төлөм терминалдардан, электрондук капчыктардан же банктын кассаларынан жүргүзүлгөн болсо "Түндүк электр" ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле акылдуу эсептегичтерге кошулган абоненттердин жарыгы аралыктан, тагыраагы "Түндүк электр" кызматкерлер келбей эле өчүрүлөрү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0