Исаков: кош көңүл иштегендер, өлкөгө зыяныңар тийип жатат, кеткиле!

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик кызматкерлердин билими жогорулатылабы деген суроо берген

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков маалымат жыйын учурунда көңүл көш иштеген атка минерлерди жумуштан "артын карабастан" кетүүгө чакырды. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарабынан мамлекеттик кызматкерлердин билими жогорулатылабы деген суроо узатылган болчу.

"Жумуштан кеткиле, качкыла, силер көңүл коштугуңар менен өлкөгө зыян келтирип жатасыңар! Биз мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатып жатабыз. Ошондой эле алдыда мамлекеттик аппараттарды кыскартуу планыбыз бар. Бир орунга эки адам отуруп албагандай кылып, функционалдуу анализ жасап чыгабыз. Тилекке каршы учурда айрым министрликтерде бир адам бүтүрө турган ишти эки адам жасап жатат", — деди Исаков. 

Ал ошондой эле өкмөт өтө ыкчам жана мобилдүү болушу керектигин белгилеп, учурда көйгөйлөр бир нече айда чечилип жатканына токтолду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0